Кечээ, 18-майда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында «Жер казынасы жөнүндө», «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу» мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды.
Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиев белгилегендей, мыйзам долбоору жер казынасын пайдалануу учурунда мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар, инвесторлор менен келип чыккан мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
«Жер казынасы жөнүндө» киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, алтындын ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны өзүнө каттатуу үчүн КРнын кеминде 30%дык үлүштүк катышуусу менен юридикалык жакты түзүүгө милдеттүү.
Ошондой эле «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу» мыйзамга өндүрүлүүчү продукцияны бөлүштүрүүгө тиешелүү өзгөртүүлөр сунушталган. Тактап айтканда, продукцияны бөлүштүрүүнүн пропорциясы – пайдалуу кендин геологиялык-экономикалык жана нарктык баасына, техникалык долбоорго, макулдашуунун техникалык-экономикалык негиздемесинин көрсөткүчтөрүнө жараша макулдашуу менен аныкталат. Мында өндүрүлгөн продукциядагы КРнын үлүшү кеминде 30%ды түзүүгө тийиш.
Жыйында башка депутат Султанбай Айжигитов кендерди иштетүүдө Кыргызстандын үлүшү 70%, инвестордун үлүшү 30% болушу керектигин белгиледи. Натыйжада, мыйзамдын демилгечиси Маматалиев менен Айжигитов кайым айтыша кетишти.
Бүгүн болсо, Марлен Маматалиев өзүнүн Facebook баракчасында алар иштеп чыккан мыйзам долбоордо эмне үчүн Кыргызстандын үлүшү 70% эмес, 30% болушу керектигин түшүндүргөн видеосун жарыялады жана инвестор казып чыккан 1 кг алтындын чыгымдарын эсептеп берди.
«1 кг алтындын баасы учурда 60 миң доллардын тегерегинде. Ошол 60 миңдин 18 миң доллары Кыргызстанга калат. Ал эми инвестор 42 миң доллар алат. Бирок ал алтын жөн эле жерде жаткан жок да. Аны чалгындоого, изилдөөгө, казууга, аффинаждык заводго алып барат, ошолордун баары биригип, анын өздүк наркы 30 миң долларды түзөт, айрым жерлерде бул 40 миң долларга чейин жетет. Инвестор 12 миң доллар таза киреше көрөт», – деди ал.