Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Ош шаарында таза суу көйгөйү курч турганын, бир аз себелеп жааган жамгырдан эле шаар калкы таза суусуз калып жатканын айтты.
Анын айтымында, Ош шаарындагы таза суу маселеси боюнча жергиликтүү бийлик долбоорлорду толугу менен даярдаган жана ал долбоорду ишке ашыруу үчүн Жогорку Кеңеш 3 млн долларлык документти ратификациядан өткөргөн.
«Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каралган 3 млн доллар акча мамлекеттик казынада турат. Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы барбы же ал долбоорду өзүнө ыйгарып алууну көздөп жатышабы? Эмне үчүн акчаны казынада кармап турушат? Шаар эли аябай тынчсызданып жатат. Бардык нерсенин чеги болот, менин оюм боюнча, таза суу маселеси да чегине жетти. Мамлекет деген бар да, Ош шаарына көңүл буруш керек. Эл митингге чыкканга чейин алдын алдын алууну өтүнөм», – деди депутат.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургундары ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин шаар эли таза суусуз калат.