Кыргызстан эмнеге жумушчу күчүн экспорттоого кызыкдар? – экономика мигранттардын акчасынан көз каранды

Кыргызстан эмнеге жумушчу күчүн экспорттоого кызыкдар? – экономика мигранттардын акчасынан көз каранды

Акыркы убакта кыргыз бийлиги өлкөдөгү жумушчу күчтү экспорттоого кызыкдар экенин көрсөтүүдө. Буга мамлекеттик органдар жана чет өлкөлөрдөгү элчиликтердин такай жүргүзгөн аракеттери далил болууда.

Мамлекет жумушчу орундары менен камсыз кылууга күчү жетпесин мойнуна алган сыяктуу. Февраль айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жыйын өткөрүп, анда эмгек мигранттарын уюшкандык менен ишке орноштурууга мамлекеттик органдардын ишин координациялоону күчөтүү тууралуу маселени көтөргөн болчу.

«Жакынкы жылдары бизде жаштардын эсебинен жумушчу күчүнүн арбын болушу күтүлөт. Алардын чет өлкөдөн жакшы маяналуу жумушка орношуусу үчүн активдүү аракеттерди көрөбүз. Алар анда экономиканы өнүктүрүү жана ага инвестиция салуу үчүн талап кылынган көндүмдөрдү да ала алышат», – деген Байсалов.

Кыргыз бийлиги мигранттарды чет өлкөгө кара жумушка түртүүдө

Англия. Мисалы, КРнын жарандарына Улуу Британиянын айыл чарба тармагында иштеп келүүгө 1000 квота бөлүндү. Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбековдун айтымында, 16-мартта Улуу Британиядагы AgriHR компаниясы менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык, жарандар 6 айга чейин айыл чарба жумуштарында иштей алышат. 

Корея. Ал эми КРнын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Чхунчхон-Намдо провинциясынын айыл чарба саясаты боюнча директору Ким Деок Хван жетектеген делегация менен жолугушуп, КРнын жарандарын сезондук айыл чарба иштерине тартуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Ошондой эле элчиликтин дагы бир макулдашууларына ылайык, Корея КРнын 70 жаранын пияз, кулпунай, алма жана козу карын өстүрүү сыяктуу сезондук айыл чарба иштерине тартат.

КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору март айында өткөргөн жыйында Корея Кыргызстандын жарандарын ишке алуу квоталарын миңден 1800гө көбөйткөнүн айтты.

Германия. Ал эми КРнын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев дагы 12-апрелде Нюрнберг шаарында Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Маркус Бирхер менен жолугушуп, анда элчи кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселелерин талкуулаган.

Венгрия. Ошондой эле Экономика министри Данияр Амангелдиев Венгриянын каржы министри Михали Варга менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынынын алкагында жолугушуп, кыргызстандыктарды Венгрияда жумушка орноштуруу боюнча маселени талкуулаган.

Белгилей кетсек, КРнын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксат ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. Жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө мониторинг Социалдык эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору тарабынан жүргүзүлөт.

Учурда Кыргызстанда 120 жеке ишке орноштуруу агенттиги дүйнөнүн 21 өлкөсүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору учурда кыргызстандыктарды жогоруда аты аталган өлкөлөрдөн тышкары, Германия, Япония, Финляндия жана башка бир катар мамлекеттер менен келишимдерди иштеп чыгуу стадиясында экенин да кабарлаган.

Worldpopulationreview.com порталынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын калкынын саны (18.05.2022)  6.714.571 адам, күнүгө төрөлгөн ымыркайлардын саны  405, күнүгө каза болгон жарандардын саны  107 адам болсо, бир күндө миграцияга кеткен жарандардын саны – 24 адамды түзөт.

Тагыраак айтканда, ар бир саатта бирден адам Кыргызстандан чет өлкөгө кетет.

Жарандардын чет өлкөгө кетүүсүнө эмне себеп?

Эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөсүнө ылайык, сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын  басымдуу бөлүгү Кыргызстандагы эң чоң көйгөй катары кымбатчылыкты (65%), жумушсуздукту (57%) жана коррупцияны (53%) аташкан. Аталган көйгөйлөр жарандардын өлкөдөн агылып кетүүсүнө себеп болууда деп айтууга болот.

Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык, 2022-жылдын январь-мартында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 20 943 сомду түзгөн. Ал эми  реалдуу эмгек акы (инфляцияны эсепке алганда) өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0.3%га төмөндөгөн.

Үстүбүздөгү жылдын башындагы төрт айда эле (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары 7.1%га өскөн. Эң көп жаңы чыккан жашылчалардын баасы жогорулаган (30%).

Жумушсуздук. Евразия экономикалык коммиссиясынын маалыматында КРда иш менен камсыз кылуу кызматына атайын катталган жумушсуз жарандардын саны 2022-жылдын февраль айынын аягына карата 76.5 миң адамды түзгөнү айтылат. Ал эми бул расмий катталгандардын саны гана экенин эске алуу зарыл.

Кыргызстандын экономикасы мигранттар жөнөткөн акчага таянат

Белгилей кетсек, Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, өткөн жылы кыргызстандык мигранттар өлкөгө 2 млрд 756 млн доллар которушкан. Тагыраак айтканда, Кыргызстандын экономикасынын негизги каражат булагы болуп жумушчу күчүнүн экспорту саналат. Бирок акыркы кездеги Россия менен Украиндагы геосаясий кырдаалдан улам, акча которуулар бир кыйла солгундай түшкөн. Мисалы, «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы Максат Ишенбаев  «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда банкта акча которуулар 30%га төмөндөгөнүн, бул төмөндөө 50%дын тегерегинде болот деп күтүп жатышканын айткан.

КРнын экономикасын мигранттардын жөнөткөн каражаттары кыймылдатат. Кыргызстандын 2020-жылга карата ИДПсынын 31%дан ашыгын жумушчу күчүнүн экспорту түзгөн. Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) 2021-2022-жылдар аралыгындагы өткөөл мезгил боюнча отчетунда айтылат.

2021-жылы Кыргызстанга которулган акчанын 83%ы Россиядан келип, анын агымы дээрлик 234 млн долларды түзгөн, бул 2020-жылга салыштырмалуу 25 млн долларга көп болгон.

Бирок бул жылы Украинада согуштук аракеттер башталгандан бери Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын кирешеси 20%га кыскарган. Эскерте кетсек, Россияда 1 миллиондон ашык кыргызстандыктар бар.

Дүйнөлүк банктын божомолунда 2022-жылы акча которуулар 33%га чейин төмөндөшү мүмкүн экендиги айтылат.

Эксперттер да бул жылы  мигранттардан өлкөнүн экономикасына 1.5 млрд долларга аз акча келиши күтүлүп жатканын белгилешүүдө.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги инвесторлор үчүн колдонмо иштеп чыкты 30 июня 2022 г.    18:08
«Кыргызиндустрия» демилгеси астында компьютерлерди, Wi-Fi роутерлерин жана кассалык машиналарды чыгаруу пландалууда 30 июня 2022 г.    17:31
Кыргызстандын Кытайга карызы 1.8 млрд долларга жакындады 30 июня 2022 г.    16:49
Кыргызстандын Сот департаменти менчиктештирилип, калыбына келтирилген «Синегорье» пансионатын тартып алууга аракет кылууда – ээлери президенттен коргоо сурашууда 30 июня 2022 г.    15:58
Айыл тургундары өз алдынча онлайн-курстарды ача башташты 30 июня 2022 г.    14:47
Кытай экинчи айланма Чүй каналынын курулушун каржылайт 30 июня 2022 г.    13:59
Түркиялык YDA Group компаниясы «Манас» жана «Ош» аэропортторун сынаксыз 39 жылга башкарууга алат — Жанар Акаев 30 июня 2022 г.    12:45
Минкаб башчысынын жаңы орун басарлары ант беришти 30 июня 2022 г.    12:23
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 79.50
EUR 83.20
RUB 1.37
Моссовет
USD 80.77
EUR 84.52
RUB 1.38

Конвертер валют