Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдары Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматында бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудити жөнүндө отчетту кабыл алды.
Аудиттин жүрүшүндө жалпы суммасы 11 млн 720.5 миң сом суммасындагы каржы бузуулар аныкталды:
- эмгек акыларды негизсиз төлөө – 11 млн 402.9 миң сом
- материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу – 529 миң сом
- эсептен жашырылган дебитордук карыз жана кредиттик карыздарды негизсиз көбөйтүү – 380.3 миң сом
- товардык-материалдык баалуулуктардыдын жетишпестиги – 314.3 миң сом.
Мыйзамдарды бузуу менен Борбордук аппараттын кызматкерлерине бош кызмат орундардан пайда болгон каражаттардын эсебинен жалпы суммасы 10 млн 154.7 миң сом суммасында материалдык жардам көрсөтүлгөн, анын ичинен 2019-жылы – 5 млн 549.2 миң сом, 2020-жылы – 4 млн 605.5 миң сом.
Аудит жүргүзүлгөн мөөнөттө вакциналарды натыйжалуу эмес пландаштырууга, пайладанууга, жана колдонууга байланыштуу, 26 млн 552.8 миң сом суммасында бюджеттик каражаттардын рационалдуу эмес колдонулушу аныкталган.
Аталган суммага бодо малга бруцеллез,чечекке жана шарп оорусуна каршы вакциналар кирбейт. Бул боюнча маалыматтар тергөө органдарына берилген, натыйжада, 51 млн сомго, анын ичинен, Эсептөө палатасы тарабынан 31 млн сом аныкталган.
Мыйзамдарды бузуу менен, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Ак-Талаа районунун башкармалыгынын 8 кызматкерлерине жумушчу орундарын аттестациялоого чейин компьютерде иштегендигине зыяндуулук үчүн, 218.7 миң сом суммасында негизсиз төлөм жүргүзүлгөн.
Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудит объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, Айыл чарба министрлигин 2019-2020-жылдары Эркинбек Чодуев жетектеп турган.