Ысык-Көл облусунда 211 ири жана 600 кичи эс алуу жайлары бар. Мындай маалымат минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан конок үйлөрүнүн, эс алуу пансионаттарынын ээлери менен жолугушуу учурунда айтылды.
Алардын көпчүлүгүндө нансостук станция жана тазалоочу курулмалар иштейт. Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл минитрлиги тарабынан Тамчы айылында жайгашкан 200дөн ашык конок үйлөрүнө саркынды сууну тазалаган жай куруу зарылдыгы белгиленди.
Эс алуу жайларынын ээлери жолугушууда жергиликтүү тургундардын пляж аймагына кирүү укугун камсыздоо боюнча өлкө башчысынын жарлыгын аткарууга даярдыгын айтышып, бирок айрым жагдайлар боюнча иш-аракеттерди карап чыгуу маселесин көтөрүштү. Мисалы, эс алуу жайларындагы тосмолор алынган соң андагы эс алуучулардын коопсуздугу, пляждардагы тазалык жана жеке менчик мүлктөрдү сактоо жоопкерчилиги маселеси жаралат.
Туризм тармагында ишкердүүлүк жүргүзгөн жеке ишкерлердин, пансионат жетекчилеринин сунуштарын уккан министрлер кабинетинин төрагасы аткаруу механизмдерин алар менен биргеликте иштеп чыгууну билдирди.
«Биз сиздердин ишкердүүлүгүнүздөргө тоскоолдук жаратуунун эмес, жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Анткени Кыргызстандын бир гана байлыгы бул туризм тармагы. Бул багытта Ысык-Көл аймагында 2 аэропорт реконструкциялап, күнү-түнү иштетүүгө аракеттер болууда.
Бишкек-Балыкчы темир жолунун 24 км аймагы ондолуп, жүргүнчү ташуучу вагондорду жаңылоо ишке ашып жатат. Эми Балыкчыга жол 1.2 саатка кыскарып, көлгө поезд менен келүүчү эс алуучуларга шарттар түзүлүүдө. Быйыл көл жээгине 10 км вело жана жөө адамдар басуу жол курулат. Келечекте көл жээктерин ушундай жолго айлантуу планыбызда бар», – деп белгиледи Жапаров.
Каракол шаарын өнүктүрүү планы кабыл алынып, республикалык бюджеттен 850 млн сом бөлүнүп жатканын айтты. Алдыда башка шаарлардын да өнүктүрүү программасы ишке ашырыла баштайт.