Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Чолпон-Ата шаарында курула турган Алыкул Осмонов атындагы жаңы сейил бактын долбоорун көрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Акын Алыкул Осмоновдун үй-музейинин жанындагы муниципалдык жер тилкеге шаар бийлиги жаңы заманбап эс алуу багын курууну пландап жатат. Аны Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду каржылайт.
«Министрлер кабинетинин башчысы Алыкул Осмоновдун үй музейине да баш багып, имарат ичин көздөн кечирип чыкты. Жаңы паркта акындын ыр саптары жайгаштырылып, айкели орнотулат», – деп айтылат билдирүүдө.
Бирок билдирүүдө аталган фонд сейил бакты курууга канча каражат бөлөөрү тууралуу айтылган эмес.