Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-апрель айларында 116 миллиардга жакын сомду түздү жана өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 10.3%га жогорулады. Мындай көрсөткүчтөр Улутстаткомдун маалыматында айтылат.
КРнын өнөр жайы Кумтөр кенин иштетүүнүн эсебинен жогорку өсүштү көрсөттү – кенди эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшү 76 млрд 451 млн сомду түзүп, бир кыйла төмөн болмок (+2.4%).
Буга себеп фармацевтикалык продукциялардын (12.3%га), мунай заттардын (24.3%), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (25.8%), негизги металлдар жана даяр металл буюмдарынын (32,%), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (10.1%), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (2.9%) өсүшү таасирин тийгизди.
Курулуш, айыл чарба жана дүң соода тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта – 2.9%га, айыл чарбасында – 2.2%га, дүң жана чекене соода – 6.9%га жогорулады.