Кыргызстандык «Беш Манты» тамактануу жайы Москва шаарында ачылды. Бул тууралуу кыргыз өндүрүшүн Facebook тайпаларында такай колдоп келген Бакыт Дегенбаев өзүнүн баракчасында билдирди.
«Москвадан жакшы кабарлар. Мекендештерибиздин «Колумбус» соода борборундагы «Беш манты» фаст фуд түйүнү. Барып колдоп туралы. Тегерек четибизге айталы, башкалар дагы барсын. Сокту дагы байкап коюңуз. Өзүбүздүн «Органик» экен. Өзүбүздүн ашканага эмне жетсин! Ушу менен дүйнө жүзүнө тарасын», – деп жазган Дегенбаев тамактануу жайдын сүрөттөрүн жарыялаган.
Белгилей кетсек, аталган кафелер тармагы Бишкекте төрт жерде ачылган.