Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукт (ИДП) 5.4%га жогорулады. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.
Алдын ала баалоо боюнча, өлкөдөгү ИДП 203 миллиардга жакын сомду түзгөн жана 2021-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 5.4%га жогорулаган.
«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында ИДПнын көлөмү 189 миллиардга жакын сомду түздү жана 3.5%га жогорулады.