Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, төмөндөгү категориядагы жарандарга жөлөкпулдар көбөйтүлдү:
- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпулду – 810 сомдон 1200 сомго чейин
- жалпы оорулардан I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 5500 сомго чейин
- жалпы оорулардан II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин
- жалпы оорулардан III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин
- ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин
- баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 3000 сомго чейин
- улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин көбөйдү.
Ошондой эле бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөм төлөө киргизилүүдө.
«Мындан сырткары, 2002-жылдын 17-18-мартында, 2010-жылдын апрель-июнь айларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү жогорулатылууда», – деп айтылат маалыматта.