Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы мектептин мугалимдери жана жашоочулары менен жолугушууда педагогдордун жана дарыгерлердин маянасын жыл сайын 20%га көтөрүүгө аракет кыла тургандыгын билдирди.
«Буйруса быйыл 1-июндан тартып, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына пособиянын көлөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин жогорулатууну чечтик. Пенсиянын көлөмүн октябрь айында жогорулатуу пландалууда», – деди Акылбек Жапаров.
Эске сала кетсек, быйыл мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Буга чейин министрлер кабинетинде маалымдалгандай, мугалимдердин айлык акысы бардык категориялар үчүн 50%дан кем эмес жогорулаган.
Кошумча окуңуз: 309 миң бюджеттик кызматкердин маянасы жогорулады. Бюджеттен 7.1 млрд сом кетти.