15-майдан тартып маркаланган продукцияны, мунайзаттарды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер ЭТТК колдонууга милдеттүү

15-майдан тартып маркаланган продукцияны, мунайзаттарды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер ЭТТК колдонууга милдеттүү

Маркаланган продукцияны, мунайды жана мунай заттарды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер 2022-жылдын 15-майынан тартып Салык кызматынын маалыматтык системасында катталууга жана электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагазды колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу МСКдан билдиришти.

Электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары ЭТТК маалыматтык системасына катталуу Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинет» аркылуу ишке ашырылат.

  • Белгилей кетсек, ЭТТК маалыматтык системасы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берүүчү салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат.

ЭТТКнын эң негизги артыкчылыгы болуп анын ыкчамдыгы саналат, бул ишкерлерге контрагенттер менен бир канча мүнөттүн ичинде электрондук документ (анын ичинде оңдоп-түзөөчү документ) алмашууга мүмкүндүк берет, буга чейин контрагентке документтерди (кагаз жүзүндө) жөнөтүү бир нече күндү, ал тургай жумаларды талап кылып келген.

Иштин кагазсыз формасына өтүүгө байланыштуу кеңсе жана почта керектөөлөрүнө сарпталган чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле ички документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана башкаруунун сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү дагы башка артыкчылыктардын катарына кирет.

«ЭТТК электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан товарларга менчик укугунун өтүшүн караган бүтүмдүн алкагында бул товарларды өткөрүп берүүдө, ошондой эле бир субъекттин чегинде товарды ички которуштурууда таризделет, мында өткөрүп берүүчү тарап товарды жүктөп жөнөтүүгө (өткөрүп берүүгө) чейин ЭТТК МСте анын алкагында жүктөп жөнөтүү («Дүң сатуу», «Экспорт» же «Которуштуруу») жүзөгө ашырылуучу бүтүмдүн түрүн көрсөтүү менен ЭТТК түзөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүүдө ЭТТК милдеттүү түрдө берилүүчү товардын идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддорун) жана GTIN номерин (GS1 товарларынын бирдиктүү эл аралык базасындагы товардык продукциянын глобалдык номерин) көрсөтүү менен түзүлөт.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Курс жогорулап же төмөндөп турушу мүмкүн – Улуттук банк валюта рыногундагы абалга пикирин билдирди 27 мая 2022 г.    18:46
30-майдан 3-июнга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун айрым бөлүгү убактылуу жабылат 27 мая 2022 г.    18:27
Кыргызстан менен Казакстандын компаниялары 1.5 млн долларлык келишимдерге кол коюшту 27 мая 2022 г.    15:56
Кумтөр кенинин карьеринин кыймылга келген жерлерден кызматкерлер жана техникалар чыгарылды 27 мая 2022 г.    14:31
Кыргызстанда биринчи күн станциясы курулат – аны Евразия өнүктүрүү банкы 40 млн долларга каржылайт 27 мая 2022 г.    12:38
Германия кечкен КРнын 14.9 млн евро суммасындагы карызы МИКке KfW банкы аркылуу берилет 27 мая 2022 г.    11:46
ЕАӨБ айыл чарба тармагын колдоого Айыл Банк аркылуу 8 млн долларлык кредиттик линия ачат 27 мая 2022 г.    11:14
Доллардын курсу 84-85 сомго чейин көтөрүлдү 27 мая 2022 г.    9:59
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 80.77
EUR 86.67
RUB 1.26
Моссовет
USD 84.69
EUR 89.44
RUB 1.30

Конвертер валют