Эсептөө палатасынын кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2020-жылга Транспорт жана жол министрлигинде натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту кабыл алды.
Аудитте Транспорт министрлиги жалпы суммасы 138.2 млн сомду мыйзамсыз иштеткени аныкталган.
- Эмгек акылардын негизсиз төлөнүшү 8 млн 468.1 миң сомду түзгөн
- 2020-жылы жумушчу орундарга аттестациялоону жүргүзбөстөн, жол пайдаланачу ишканалардын кызматкерлерине кызматтык айлыкка 25-59% өлчөмүндө 2.7 млн сом суммасында кошумча төлөмдөр берилген
- тамак-ашка, коммуналдык чыгымдарга, жол киреге жана башка төлөмдөргө бардыгы болуп, 2.5 млн сом чыгымдалган
- Курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жогорулатуу 2.1 млн сомго аныкталган. Натыйжада, иштер аткарылган эмес.
Эсеп боюнча дебитордук жана ашырылган кредиттик карыздарды жашыруу – 4.1 млн сом.
Эсептөө палатасы долбоорлордогу чыгымдар боюнча тиешелүү материалдарды КРнын Башкы прокуратурасына жиберди.
«Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолду куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда, техникалык көзөмөлдөөнүн кызматкерлерин тейлөөгө арналган транспорттук унаалар Кыргыздортрансдолбоорунун жетекчилиги тарабынан колдонулган», – деп билдиришти Эсеп палатасынан.