«Түндүкэлектр» ААК 8 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Дүйшөмбү күнү, 16-майдан тарта «Түндүкэлектр» ААК 8 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт.
Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.
«Акылдуу» эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу «Түндүкэлектр» ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.
Абоненттер эсептерин Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), Megacom, «О!», «Оной» терминалдары, андан тышкары, «О!», MegaPay, UMAI, «Элсом» электрондук кошелектору, «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН», «Халык Банк», «КICВ Банк», «Оптима Банк» банктарынын кассалары же «Кыргызпочтасы» аркылуу төлөсө болот.