Курулуп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативалык жолундагы узундугу 3890 метрлик тоннелди жана эстакадалык көпүрөдөн жүрүүнү акы төлөнө турган кылуу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин басма сөз кызматы курулуштарды бүтүрүп, толук ачууга али 1.5-2 жыл бар болгондуктан, азырынча жол акынын суммасы конкреттүү коюла электигин жана төлөм кандай механизм менен төлөнөрү азырынча белгисиз экендигин маалымдады.
«Бирок жол акысы социалдык багытта болот деп ишенимдүү айта алабыз», — деп айтылат билдирүүдө.