Санариптик өнүктүрүү министрлиги Мамлекеттик мүлк фондунун ордуна «ТНК Дастан» ААК, «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom уюлдук оператору), «Кыргызтелеком» ААК жана «Евразия сактык банкы» ААКсынын акционери болду.
Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу функцияларын бул ишканалардын акционерлерине берүү жөнүндө чечимди минкабдын 10-майдагы токтомуна ылайык, министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров кабыл алды.
Буга чейин бул компаниялардын мамлекеттик акционери катары Мамлекеттик мүлк фонду иштеп келген. Бирок Акылбек Жапаров кол койгон токтомго ылайык, аталган «компаниялардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу» максатында компаниялар Санариптик өнүктүрүү министрлигинин көзөмөлүнө өттү.
Белгилей кетсек, ири мамлекеттик ишканалардын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү чечими «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов Кыргызстанга кайтып келгенден кийин кабыл алынды. Эскерте кетсек, УКМК аны жарым суткага камакка алып, бирок кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарып жиберген болчу.
Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов 2010-жылдын 7-апрелине чейин Ширшовдун жеке айдоочусу болуп иштеген.
Эки күн мурда, 11-майда Kaktus.media өз булактарына таянып, Ширшов Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов жана Нурлан Байымбетов аттуу бир адам менен чогуу саат 17:00дөр чамасында «Дастан» ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин кабинетинде чогулганын жана ал жердей эки сааттай баарлашканын жазган эле. Kaktus.media порталынын журналисти Ширшовдун Эрик Апышевдин кызматтык унаасы менен «Дастан» ишканасынын аймагынан чыгып баратканына да күбө болгон.
Президент Садыр Жапаров Ширшовдун Кыргызстанга кайра кайтып келишин Максим Бакиевдин эсебиндеги 200 млн долларды кайтарып берүүгө жардам берери менен түшүндүргөн жана аны өзү кабыл алганын да айткан. Кыргызстан Бириккен демократиялык кыймылы мамлекет башчы мындай аракеттери менен коомчулукту адаштырышы мүмкүн экенин билдирди.