13-июнда Бишкекте «Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүдө бизнес-форумдун алдында атайын Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңеши түзүлгөнү, ал Германия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу үчүн эффективдүү кадам болуп, кийин бизнес өкүлдөрдүн өз ара туруктуу аракеттенүүсү үчүн негизги аянтча болоору айтылат.
«Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форумунун алкагында энергетика, агроөнөр жай, маалымат технологиялары жана туризм тармактарын талкуулоо үчүн панелдик тематикалык сессиялар, ошондой эле жеке B2B жолугушуулар болот», – деп билдиришти агенттиктен.
Бизнес-форумга катышууну каалагандар арыз берип, 17-майга чейин катыша тургандыгын ырасташ керек (орундардын саны чектелүү).