«Кумтөр» кенинин маалымат кызматы жумушчулардын иш таштоо тууралуу маалыматын четке кагып, абал тынч экенин жана баардыгы штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.
«Теңиз Бөлтүрүк менен президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановдун жана «Кумтөрдүн» жумушун таштоого ниеттенип жатат делинген кызматкерлери менен жолугушуусу болгон жок. Абал тынч, эч кандай иш таштоо болгон жок жана баардыгы штаттык режимде иштеп жатат», – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле компаниядан учурда кендин директору Кубанычбек Молдобеков менен подряддык уюмдардын жетекчилеринин ортосунда актуалдуу маселелер боюнча жыйын өтүп жатканын маалымдашты.