Гидрометеорологиялык кызматы өлкө аймагында 13-майда жана 14-15-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүп жатканын билдирди.
Катуу жааган жаан-чачындан улам дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел каптоо коркунучу күтүлүүдө.
ӨКМ кооптуулуктун алдын алуу максатында райондордо, айылдарда сел агуучу каналдарды жана арыктарды тазалоо иштерин улантуу, ошондой эле селдин алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын билдирди.
Белгилей кетсек, май айынын алгачкы күндөрү өлкө аймагында жаз-жай мезгилине мүнөздүү болгон катуу жаан-чачын өзгөчө кырдаалдарды жараткан. Жыйынтыгында Сузак районунун Атабеков, Барпы, Сузак айыл аймактарындагы жүргөн селден улам жалпы 907 турак үй жабыркап, 23 үй авариялык абалга келген жана 12 социалдык объектини сел каптаган, мындан тышкары, 3 ички чарбалык көпүрө, 210 гектар айдоо аянты, 16 миң метрден ашуу ички чарбалык жол жана 6300 метр арык бузулган.
Акыркы селден келген чыгым 90 млн сом деп бааланды.
Кошумча окуңуз: ӨКМ Кыргызстанда кандай кооптуу жерлер бар экенин билбейт. Бирок жылына 5 млрд сом керек экенин так билет