Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бюджеттен жылына 2 млрд 460 миң сом алат. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Жыйында депутат Айбек Алтынбеков ӨКМ бюджеттен жалпы канча суммада каражат алаарына жана бул канчалык жетиштүү экендигине кызыкты.
«ӨКМ 2 млрд 460 миң сом алат. Анын ичинен кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга 1 млрд 557 миң сом каралат. Бүгүнкү күндө бул каражат жетишсиз. Чу дарыясынын жээгин бекемдөөгө эле жылына 7 млрд сом каражат керек.
Жылына 5 млрд сом бөлүп беришсе, кооптуу аймактардагы кырсыктардын алдын алуу иштерин толук жабат эле. Тиешелүү каражаттын жоктугунунан колу-бутубуз байланып турат», – деди министрдин орун басары.
Бирок Шамырканов депутат Алтынбековдун Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинде канча чакырым жер, дегеле, Кыргызстандагы коопсуз канча жай бар экендигине байланыштуу суроолоруна жооп бере алган жок.
«Сиз акча каражатын да толук билбей жатасыз. Финансы министрлигинин өкүлү жаныңызда жардам берип отурат. Коопсуз жайларды да билбейт экенсиз, кантип иштеп жатасыз? Канча акча каражат бөлүнүп жатат, кайсы жерлер кооптуу, баарын жатка билишиңиз керек.
Мен сизге айтып коеюн, Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу эки көпүрөнүн ортосу суу көп киргендигине байланыштуу кооптуу болуп, күнүгө авария болуп жатат», – деди депутат.