Кумшекердин арзандыгы боюнча Кыргызстан ЕАЭБде жана коңшу мамлекеттердин ичинен экинчи орунда турат. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Агенттик 30-апрелге карата орточо базар бааларынын анализине ылайык, Кыргызстанда кумшекердин бир килограммы 82 сомду түзөрүн белгиледи. Кумшекер Беларуста гана арзан – беларус рубли менен эсептегенде биздин акчага 65 сом болот.
Өзбекстанда кумшекердин килограммы 85 сомдон, Россияда 90 сомдон, Казакстанда 93 сомдон, Арменияда 95 сомдон, Тажикстанда 100 сомдон сатылууда.