УКМК «Аврора плюс» эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик менчиктен кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирип, натыйжада, «Дастан» ТУК ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовду кармады.
Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн, мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары табылып, натыйжада, 56 кымбат баалуу батирлер жана 27 коттедж жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталган.
Тергөө учурунда бул иш боюнча буга чейин кармалган адамдардан тышкары, аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталып жана ал УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Белгилей кетсек, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө жакын адам болгон жана Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн.
Бул топ өздөрүнүн кылмыш аракеттерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынынын камкордугун алуу максатында аларга акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрдү, анын ичинде «Аврора плюс» эс алуу борборун беришкен жана бул боюнча тергөөдө тиешелүү далилдер табылган.