Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлердин өнүгүшүнө эмне тоскоол болууда?

Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлердин өнүгүшүнө эмне тоскоол болууда?

Economist.kg финансылык басылмасы «Аймактагы бизнестин көйгөйлөрү. Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлердин өнүгүшүнө эмне тоскоол болууда?» деген аталышта онлайн форматта тегерек стол уюштурду. Талкууга аймактардан ар тармактагы ишкерлер, өндүрүш кызматкерлери, бизнес боюнча эксперттер катышып, ишкерлердин өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан реалдуу көйгөйлөр тууралуу сөз кылышты.

Тегерек столго катышкан Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев үстүбүздөгү жылда белгисиз кырдаал жаралганын, ошол эле учурда Кыргызстанда жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрү пайда болгонун, бирок көптөгөн ишкерлер мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө дагы эле көйгөйлөргө туш болуп жатканын билдирди.

Бизнес-акыйкатчынын орун басары аймактардан келген бизнес өкүлдөрү аларга ижара мөөнөтүн узартуу же ижарага уруксат алуу, укук коргоо органдарынын аракеттери жана кошумча салыктар боюнча көйгөйлөр менен кайрылышаарын билдирди. Ошондой эле ал талкуу учурунда аймактагы ишкерлерге мамлекеттик органдар менен көйгөйлөр чыкса, бизнес-акыйкатчыга онлайн арыз менен кайрылууга чакырды.

Тегерек столдун катышуучуларынын бири коомдук пикирлерди изилдөөчү, ЖИАны көп жылдар бою жетектеп келген Руслан Акматбек өлкөдөгү орто жана чакан бизнестин учурдагы абалы жана алардын мамлекеттик органдар менен кызматташуусу, ККМ көйгөйү тууралуу пикири менен бөлүштү.

Руслан Акматбек бюджетке төккөн салыгына карабай, мамлекет орто жана чакан ишканаларга жетишээрлик деңгээлде маани бербей келгенин, ошондой эле бул аларга жасаган мамиледен байкалаарын айтат.

«Мамлекеттик органдардын ар бир кийирген демилгеси административдүү түрдө бир жактуу кирет. Ишкерлер менен кеңешип, сүйлөшүп, чечүү жолдору кандай болот, алардын жүгүн кантип жеңилдетсек деген нерсе жок. Силер төлөшүңөр керек, ушул ыкма менен иштейсиңер деген таңуулоо бар.

Аймактарда ККМге каршы чыккан ишкерлерге дароо эле эртеси күнү кысымдар болгонун айтышты. Андай нерсени ишкер кайра көтөрүп чыкпайт да, анткени анын жогото турган нерсеси бар.

Ишкер мамлекеттик орган менен сүйлөшүүгө эмнеге барат? Бийликтегилердин өзүм билемдигинен, ишкерлер өзүнүн укугун коргой албаганынан барышат жана көп учурда сот чечимдери дагы мамлекеттик органдарды колдоп коет», – дейт ал.

Ошондой эле ал пандемиядан кийин бир изилдөө жүргүзгөндөрүн, эң чоң көйгөй – салык төлөмдөрү боюнча карыздар, кредиттик төлөмдөр болгонун, андан көп өтпөй эле дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларга байланыштуу, чоң тобокелчиликтер турганын, бийлик ага жараша кадам таштабай, чечим чыгарбай жатканын айтты.

«Азыр биз ар бир жумуш оруну үчүн күрөшүшүбүз керек. Мигранттар кайтып келет, экономика алсырайт деп жатышат эксперттер, биз болсо, ишкерлердин көйгөйлөрүн чечкендин ордуна мүмкүн болушунча бюджетти толтуруу планын коюп алдык», – деди ал.

Ал эми көбүнчө чет өлкөдөн туристтерди чакырган Batken Travel Service туристтик агенттигинин директору Жунус Каразаков Баткен облусунда бул тармакта иш алып барууда коопсуздук менен кадр көйгөйү бар экенин айтат.

«Негизи Баткендин коопсуздугуна ишендирип, эс алып кетүүгө туристтерди чакыруунун өзү эле бир топ көйгөй жаратат. Андан соң, кадр маселеси, мисалы, англис тил билген гиддерди, котормочуларды Бишкектен чакырууга туура келет. Мамлекет тарабынан эч кандай колдоо жок», – дейт ал.

Кыргызстанда жүндү тазалап, жууп, тытып, аны кайра иштетип чыгып, андан кездемелерди, жууркандарды тиккен «Эколав» ишкананын негиздөөчүсү Чынара Алимаматова болсо, учурда каржылоо жана интернет аркылуу башка өлкөлөргө сатууда көйгөй жаралып жатканын айтат.

«Эң негизги көйгөй – бул билимдин жетишсиздиги болуп жатат. Интернет аркылуу сатууда учурда Wildberries платформасына катталып, ал жактан сатууну кыйналып үйрөнүп жатам. Баштаганыбызга бир жыл болуп калды. Германияга товарыбызды кыргыз кыздар эле алып кетип жатышкан, кийинчерээк Италиядан, дагы башка өлкөлөрдөн суроо-талап түшө баштады, бирок, тилекке каршы, ал жактарга жөнөтө алган жокмун. Себеби, карго маселеси кыйын болду, кымбат түшөт экен.

Ал эми каржылоо алалбай жатам, анткени аялдардын ишкерлигин колдогон уюмдар ишкананын ачылганына 2 жыл болгондо гана насыя бере алышат экен, көпчүлүк насыяларды алууда талаптарга жооп бере албайт экенбиз», – дейт ал.

Жогорудагы жана башка аймактагы ишкерлердин көйгөйүн угуп, акырында төмөндөгүдөй негизги маселелер бар экен деген жыйынтыкка токтолдук. Алар:

  • өндүрүштү, бизнести кеңейтүү үчүн каржылоо маселеси
  • мамлекеттик имараттарды ижарага алуу
  • билимдин, тажрыйбанын жетишсиздиги
  • мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө көйгөйлөр
  • логистика
  • кадр маселеси.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 80.98
EUR 82.36
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.05
EUR 85.13
RUB 1.37

Конвертер валют