Сузак районунда селден жабыр тарткан жарандардын турак үйлөрүн 2000ден ашуун кызматкер, 47 техника жана 27 мотопомпа тазалоого тартылды. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен:
- 211 кызматкер
- 11 оор инженердик техника
- 19 мотопомпа.
Жарандык коргонуу кызматтарынан:
- 325 кызматкер
- айыл аймак жана мекеме, ишканалардан – 429 кызматкер
- 34 техника жана 18 мотопомпа
- Жергиликтүү тургундардан – 862 адам.
Кошумча:
- «Кыргызнефтегаз» – 5 асинизатор (суу соргуч)
- жеке ишкерлер 4 асинизатор (суу соргуч)
- Коргоо министрлигинен бөлүктөрүнөн 100 кызматкер
- ИИМдин Ички аскерлеринен жана Жазык аткаруу кызматынан жалпы 85 кызматкер тартылды.
Эскерте кетсек, 4-май күнү болжол менен саат 22:50лөр чамасында кыска мөөнөттө жаап ѳткѳн жаандын кесепетинен Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын Миң-Өрүк, Жаңы-Айыл, Төөлөс, Таштак, Комсомол, Чөкө-Дөбө, Чокмор, Осмонов, Кара-Жыгач, Түрк-Абад жана Кызыл-Багыш айылдарындагы турак үйлөргө кокту-колоттон түшкөн сел суулары каптап, айрым турак үйлөр авариялык абалга келген.