Казакстан Кыргызстан менен чек арадагы көзөмөлдү күчөтөт

Казакстан Кыргызстан менен чек арадагы көзөмөлдү күчөтөт

Казакстан Кыргызстан менен чек арадагы көзөмөлдү кайрадан күчөтөрүн Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик киреше комитети билдирди.

Казак бийлигинин маалыматына караганда, көзөмөл начарлагандыктан Кыргызстандын айрым ишкерлери мурдагы келишимдерден пайдаланып, Казакстанга декларацияланбаган, контрафакттык товарларды алып киришүүдө.

Мыйзам бузуулар олуттуу түрдө көбөйүп, КРдан Россияга Казакстан аркылуу өтүш керек болгон майнинг техникасын жана электрондук тамекилерди ташып келүү фактылары көбөйүп кеткени байкалган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында транзиттик жол менен кетчү товарлар Казакстандын аймагында калып калган 6 факты аныкталган.

Ошондой эле 28-апрелде КРдан келе жаткан жүк ташуучу унаада тематикалык салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө Беларусь Республикасынын 1.1 млн даанадан ашык жасалма акциздик маркалары табылган.

«Белгилей кетүүчү нерсе, бизнес субъектилердин мындай аракеттери ЕАЭБ боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн бюджетине зыян алып келет, ошондуктан көзөмөл күчөтүлөт», – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 80.98
EUR 82.36
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.05
EUR 85.13
RUB 1.37

Конвертер валют