Апрель айында билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарынын кызматкерлеринин маянасы жогорулады жана ага бюджеттен 7.1 млрд сом сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматтарында айтылат.
Өлкө боюнча 309 миң бюджеттик кызматкердин маянасы жогорулатылды.
2022-жылдын апрель айына эмгек акыларды жана Соцфондго чегерүүлөрдү төлөө боюнча финансылык план 7190.7 млрд сом суммасында каралган.
Финансы министрлигинин берген маалыматына таянсак, министрликтерге төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн :
- Билим берүү жана илим министрлигине 4 930.9 млрд сом
- Маданият, маалымат жана спорт министрлиги 383 млн сом
- Саламаттык сактоо министрлиги 183.3 млн сом жана ММК фонду 1265.1 млрд сом
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 125.4 млн сом.
Социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулаганга чейин 2022-жылдын январь-март айларында орточо айлык муктаждыгы 3 566.7 млрд сом болсо, апрель айында бул 2 эсеге өскөн.