2022-жылдын 16-майынан тартып КРнын жарандары үчүн Россияга кирүүгө, ошондой эле Россиянын жарандарынын КРга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен РФнын өкмөтү кабыл алды.
Белгилей кетсек, бул маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.