Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу май (КММ) рыногунда бааны турукташтыруу боюнча бир катар чараларды көргөнүн мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Учурда «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсы, «Альфа-Ойл» ЖЧКсы жана «РН-Кыргызнефтепродукт» ЖАК бензин рыногунда үстөмдүк кылган субъекттердин реестринде турат.
КММнын баасы 18-апрелге салыштырмалуу 20-апрелге карата төмөнкүдөй болгон:
АИ-92
Аталышы | Баасы 18.04.22г сом/л | Баасы 20.04.22г сом/л | Төмөндөөсү | |
«Газпром нефть Азия» | 63.5 | 63.1 | -0.4 | |
«Альфа-Ойл» (Редпетролеум) | 63.9 | 63.2 | -0.7 | |
«РН-Кыргызнефтепродукт» (Роснефть) | 63.5 | 63.2 | -0.3 | |
«Партнер нефть» | 63.0 | 62.5 | -0.5 | |
«Шнос» (Бишкек петролеум) | 63.3 | 62.9 | -0.4 |
Дизель отуну
Аталышы | Баасы 18.04.22г сом/л | Баасы 20.04.22г сом/л | Төмөндөөсү | |
«Газпром нефть Азия» | 63.5 | 63.5 | 0 | |
«Альфа-Ойл» (Редпетролеум) | 64.5 | 63.4 | -1.1 | |
«РН-Кыргызнефтепродукт» (Роснефть) | 63.5 | 63.5 | 0 | |
«Партнер нефть» | 63.7 | 62.9 | -0.8 | |
«Шнос» (Бишкек петролеум) | 63.5 | 62.9 | -0.6 |
Таблицалардан көрүнүп тургандай, КММнын майдын жана дизель отунунун баасы акырындык менен турукташа баштаган.
Эки күндө АИ-92 КММ баасы литрине 0.7 сомго, ал эми дизель майы 1.1 сомго арзандаган.
Монополияга каршы орган келечекте республиканын ички рыногунда КММнын баасы турукташаарын, бирок ошол эле кезде баалар доллардын туруксуз кезинде сатылып алынган «калдыгын» эсепке алуу менен коюлаарын айтат.