Кыргызстандагы 2021-жылдын топ-10 популярдуу кесиби – HeadHunter

Кыргызстандагы 2021-жылдын топ-10 популярдуу кесиби – HeadHunter

HeadHunter (headhunter.kg) сайтта жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн келген вакансиялардын жана талапкерлердин резюмелеринин анализинин негизинде «Кыргызстандыктар 2021-жылы кандай жумуш издешти?» деген суроого жооп таап, өткөн жылдын эң популярдуу кесиптерин аныктады.

headhunter.kg сайтынын колдонуучуларынын издөө суроолорунун негизинде 2021-жылдагы эң популярдуу 10 кесиптин алдыңкы үчтүгүнө сатуу боюнча менеджерлер, инженерлер жана сатуучулар кирген. Ошондой эле, талапкерлер бухгалтерлер, администраторлор, операторлор, айдоочулар, экономисттер, курьерлер жана юристтер үчүн ылайыктуу вакансияларды издешкен.

HeadHunter жумуш издегендердин суроо-талаптарын талдап чыгып, биринчи орунда – сатуу тармагы, экинчиде – административдик кызматкерлер чөйрөсү, үчүнчү орунда – бухгалтерия, эсеп жана финансы тармагы болгонуна күбө болушкан. Ал эми алдыңкы бештикке маалымат технологиялары жана транспорт/логистика да кирген.

  • HeadHunter (headhunter.kg) Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү онлайн жумуш издөө жана жумушка алуу платформасы болуп эсептелет.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.80
EUR 96.12
RUB 1.11
Моссовет
USD 84.90
EUR 96.70
RUB 1.10

Конвертер валют