2021-жылдын январь-декабрына карата КРнын өнөр жай продукциясынын көлөмү 357 млрд сомду түзүп, мурдагы жылдын ошол мезгилине салыштырганда 9%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.
Өнөр жай продукциянын көбөйүшү тазаланган мунай азыктарынын өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү (67%), ошондой эле резиналык, пластмассалык буюмдар, башка металл эмес минералдык продуктулардан (29.5%), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердүүлүк (26.2%), азык-түлүк продуктулары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки заттары (13.3%), жер астынан казып чыгаруулучу пайдалуу заттарды өндүрүү (21.2%), ошондой эле негизги металлдарды өндүрүү жана унаа менен жабдуулардан тышкары даяр металл буюмдары (3%) өсүшүнөн келип чыккан.
Өнөржай продукциялардын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)