Наталья Никитенко: Бийлик Кумтөрдүн алтынын, бюджеттин профицитин айтканы менен казынада акча жок

Наталья Никитенко: Бийлик Кумтөрдүн алтынын, бюджеттин профицитин айтканы менен казынада акча жок

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко жаңы Салык кодексин сынга алып, бийликти ишкерлер жана жарандар менен жолугушууларды өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасында жазган.

Депутат чийки жана өтө талаштуу Салык кодексинин шашылыш кабыл алынышы коомчулукта терс пикирлерди жаратканын белгиледи.

«Мен үч кесиптешим сыяктуу эле жаңы Салык кодексине (Жанар Акаев, Евгения Строкова, Айсулу Мамашева) каршы добуш бердим. Бийликтегилер бюджеттин профицити, Кумтөрдөн чыккан толтура алтын, чет элдик инвестиция сыяктуу билдирүүлөрүнө  карабай казынада акча жок. Быйыл бюджет тартыш.

Убадаланган 280 млрд сом жок. Кумтөр боюнча кырдаал барган сайын караңгы, түшүнүксүз болуп баратат. Алтын эч жерде сатылбайт, эки эсе көп кен казылып, бирок эки эсе аз алтын алынган, салыктар да аз төлөнгөн (алтын сатылбаса, салыкты кайдан төлөшкөнү белгисиз). Мындай шартта казынаны кантип толтурууга болот?

Буга чейин тешиктердин баары чет элдик жардам, грант, насыя жана мигранттардын которгон каражаттарынын эсебинен жабылып келген. Бирок бул бийликке ишенич жок. Тышкы жардам катарында эми даректүү жана максаттуу (бирок бул жерде да баары жакшы эмес: COVID менен күрөшүүгө бөлүнгөн 424 млн доллар бюджетти колдоого жумшалды – жакында донорлор таптакыр бербей калышат) кредиттер, гранттар да берилбейт. Мигранттардын абалы да азыркы бийликтин айынан өтө жакшы эмес.

Эмне кылыш керек? Эң жөнөкөй жана келесоо нерсе – жарандардын жети терисин сыйрып алуу. Ал эми бул нерсе өлкөдө эптеп жашап жаткан чакан жана орто бизнести өлтүрө турганы бийликти ойлондурбайт. Эң негизгиси, президентке тапшырма аткарылганын билдирип, анын жакыр өлкөдөгү кошумча чыгымдарына 2.8 млрд сом чыгарып бериш керек. Мен бийликти бул нерсени токтотууга, Салык кодексин жаңы талкууга кайтарууга, бизнес-коомчулугу жана жарандар менен жолугушууларды өткөрүүгө, Салык кызматы сыяктуу жаңы желмогузду түзбөөгө чакырам», – деп жазган Никитенко.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Бишкектеги борбордук мечит жакында бузулат – ордуна 10 миң кишилик жаңы мечит салынат 26 мая 2022 г.    19:50
Кумтөр кенинин борбордук карьеринин каптал тектери жыла баштады – атайын комиссия түзүлдү 26 мая 2022 г.    19:39
Кыргызстандан Сибирге жаңы энергетикалык коридорду Казакстан аркылуу алып өтүү жолу каралууда 26 мая 2022 г.    19:01
Казак президенти Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоорун ЕАЭБге кошууну сунуштады 26 мая 2022 г.    18:32
Казакстан күн электр станциясын жана Камбар-Ата ГЭС-1ди чогуу курууга даяр 26 мая 2022 г.    17:34
Казакстан менен КРнын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду 26 мая 2022 г.    16:48
Санариптик өнүктүрүү министрлиги ЕӨБ менен меморандумга кол койду – максаты дата-борборлорду түзүү 26 мая 2022 г.    13:01
МЖӨ борбору 1 млрд доллар суммасындагы 55 долбоорду ишке ашырат 26 мая 2022 г.    12:48
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 79.50
EUR 84.83
RUB 1.40
Моссовет
USD 83.16
EUR 87.10
RUB 1.37

Конвертер валют