Садыр Жапаров: Мамлекеттик банктар аркылуу айыл чарбага берилчү насыялар жеке көзөмөлүмдө

Садыр Жапаров: Мамлекеттик банктар аркылуу айыл чарбага берилчү насыялар жеке көзөмөлүмдө

Мамлекеттик банктар аркылуу айыл чарба багытындагы иштерге берилген насыялардын максаттуулугу менин жеке көзөмөлүмдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Жаңы жылдык куттуктоо сөзүндө билдирди.

Президент 6%дык арзан кредиттерди аткаминерлер тааныш-билиштикке салып, өздөрү алган учурларга эми жол берилбей тургандыгын айтты.

Мындан тышкары, Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына тарифтер Жаңы Жылдан баштап 50 тыйындан эсептеле баштаарын, бул аз камсыз болгон 110 миңден ашуун үй-бүлөгө мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоо экенин белгиледи.

Ошондой эле медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин маянасы көтөрүлөөрүн да билдирди.

«Калкыбыздын саламаттыгына, билим алуусуна кам көрүү — биздин башкы мүдөөбүз, эң негизги приоритетибиз. Мамлекет тарабынан медицина кызматкерелерине,  мугалимдерге карата мамиле кескин өзгөрөт. Алардын айлык-акыларын жогорулатабыз», – деди президент. 

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Бишкектеги борбордук мечит жакында бузулат – ордуна 10 миң кишилик жаңы мечит салынат 26 мая 2022 г.    19:50
Кумтөр кенинин борбордук карьеринин каптал тектери жыла баштады – атайын комиссия түзүлдү 26 мая 2022 г.    19:39
Кыргызстандан Сибирге жаңы энергетикалык коридорду Казакстан аркылуу алып өтүү жолу каралууда 26 мая 2022 г.    19:01
Казак президенти Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоорун ЕАЭБге кошууну сунуштады 26 мая 2022 г.    18:32
Казакстан күн электр станциясын жана Камбар-Ата ГЭС-1ди чогуу курууга даяр 26 мая 2022 г.    17:34
Казакстан менен КРнын ортосунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду 26 мая 2022 г.    16:48
Санариптик өнүктүрүү министрлиги ЕӨБ менен меморандумга кол койду – максаты дата-борборлорду түзүү 26 мая 2022 г.    13:01
МЖӨ борбору 1 млрд доллар суммасындагы 55 долбоорду ишке ашырат 26 мая 2022 г.    12:48
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 79.50
EUR 84.83
RUB 1.40
Моссовет
USD 83.16
EUR 87.10
RUB 1.37

Конвертер валют