Улуттук банк жооп берет – Эсептик ченди көтөрүү инфляцияны басаңдатуу үчүн жасалууда

Улуттук банк жооп берет – Эсептик ченди көтөрүү инфляцияны басаңдатуу үчүн жасалууда

29-ноябрда КРнын Улуттук банкы эсептик ченди 50 базистик пунктка же 8%га чейин көтөрүү чечимин кабыл алган. Андан көп өтпөй Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова эсептик ченди 8%га көтөрүү карапайым элге терс таасирин тийгизип жатат деген пикирин билдирген болчу.

Economist.kg Улуттук банктан эсептик чен кандай иштээрин жана ал кандай себептер менен көтөрүлүп жаткандыгына түшүндүрмө сурады.

Эсептик чен кандай иштейт  

«Улуттук банк кредиттик ресурстардын банктар аралык рыногунда эң ири «оюнчу» болуу менен коммерциялык банктардан эсептик чен боюнча карыз алууга ар дайым даяр. Коммерциялык банктардан акча карыз алуу Улуттук банктын ноталары деп аталган баалуу кагаздарды сатуу аркылуу ишке ашырылат», – деп түшүндүрдү регулятордун басма сөз кызматы.

Ошол эле учурда рынокто башка катышуучулар да бар – булар 23 коммерциялык банктар. Банктар аралык рыноктун катышуучулары эки топко бөлүнөт: биринчиси, Улуттук банк сыяктуу эле, кредитке акча алууга даяр; экинчи бөлүгү болсо, аларга берүүгө даяр болгондор.

«Ушундай шартта Улуттук банк рынокто чечүүчү роль ойноп, банктардан эсептик чен боюнча насыя алууга даяр экендигин билдирүүсү гана керек. Ошол эле учурда банктар, ошондой эле Улуттук банк кредитке акча алууну каалагандар, аны эсептик ченге жакын чен менен алышат.

Ошентип биздин экономикадагы сомдук ресурстардын баасын Улуттук банк аныктайт. Акчанын наркын жогорулатуу же төмөндөтүү менен биз экономикадагы тышкы жана ички соккулардын терс таасирин компенсациялайбыз», – деп түшүндүрдү жөнгө салуучу.  

Эсептик ченди жогорулатуунун себептери  

«Учурдагы шарттарда эсептик чендин жогорулашынын негизги себеби – чындыгында биздин өлкөдө инфляциянын ашыкча өсүшү болуп саналат.  

Ошол эле учурда Улуттук банк биздин өлкөдө пайда болуп жаткан инфляциянын олуттуу бөлүгү тышкы себептерге байланыштуу экенин билет. Мисалы, жыл башынан бери дүйнөлүк рынокто 5 маанилүү азык-түлүктүн наркы 26%га өстү. Биздин өлкөдө күйүүчү-майлоочу майлардын өздүк наркын түзгөн мунайдын баасы жыл башынан бери 40%га кымбаттады. Башкача айтканда, өлкөдөгү инфляциянын олуттуу бөлүгү ички экономикалык шарттардан көз каранды эмес жана бул дүйнөлүк процесстер менен аныкталат.  

Бирок, буга карабастан, Улуттук банктын инструменттери экономикадагы инфляциялык басымдын бир бөлүгүн азайтууга жөндөмдүү.

Өткөн жылдын башынан бери этап-этабы менен жүргүзүлүп жаткан эсептик чендин жогорулашы – коммерциялык банктарга калктын сом менен депозиттери боюнча чендерди жогорулатууга мүмкүндүк берип, элди көбүрөөк үнөмдөөгө жана ошого жараша керектөөгө азыраак сарптоого түрткү берди. Мындай көрүнүш керектөөчү элдин товарларга суроо-талабын азайтып, өлкөдө баалардын өсүшүн кармап турууга жардам берет», – деп билдирди УБ.  

Улуттук валютадагы мөөнөттүү депозиттердин агымынын динамикасы

(млрд сом менен, пайыздар)

Жогоруда көрсөтүлгөн график 2020-жылдагы «пандемиядан» кийин, сом менен мөөнөттүү депозиттердин ай сайын келип түшүүсү кантип калыбына келтирилгенин, башкача айтканда, калктын улуттук валютадагы аманаттарына болгон ишеними кыска мөөнөттө гана эмес, 3 жылга чейинки горизонтто да өсүп жатканын көрсөтөт. Көбүнчө бул тенденция экономиканын депозиттер боюнча пайыздык чендердин өсүшүнө реакциясы болуп саналат.

Иш жүзүндө Улуттук банктын эсептик ченинин жогорулашынын натыйжасында, банктар аралык рынокто сом ресурстарын жайгаштыруудан түшкөн кирешелердин өсүшү, алар боюнча чендерди жогорулатуу жолу менен сомдук депозиттерди тартууга багытталган.

Улуттук банктын эсептик ченинин жогорулашынын дагы бир маанилүү себеби болуп, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргыз Республикасынын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө эсептик чендердин жогорулашы менен байланыштуу.

Мисалы, Россия Федерациясынын Борбордук банкынын эсептик ставкасы учурда 7.5% деңгээлинде, Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын ставкасы 9.75% деңгээлинде.  

КР УБ, РФББ, КР УБ (пайыздар менен)

Эгерде сомдун активдеринин наркынын айырмасы рубль же теңге активдеринин наркынан кыйла төмөн болсо, Кыргызстандын экономикасынан капиталдын агылып чыгышы пайда болуп, күчөйт, бул өз кезегинде сомдун курсуна басым жасоого алып келет.  

Чынында эле, Улуттук банктын эсептик ченинин жогорулашына байланыштуу кредиттердин пайыздарынын баасы да көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок, коммерциялык банктардын ресурстук базасынын структурасы кескин эмес, узак мөөнөттө жооп берет.

Ошондой эле жогорку инфляциялык шартта эсептик чендин төмөндөшү инфляциянын дагы өсүүсүн шарттап, экономикада олуттуу дисбаланстын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.    

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.80
EUR 96.11
RUB 1.10
Моссовет
USD 84.92
EUR 97.13
RUB 1.12

Конвертер валют