Дыйкандар жер салыгынан бошотулат жана аларга 6%дан насыялар берилет – президент

Дыйкандар жер салыгынан бошотулат жана аларга 6%дан насыялар берилет – президент

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда өзүнүн Фейсбук баракчасында дыйкандар жер салыктарынан бошотулаары жана аларга 6%дык кредиттер берилээри тууралуу жазды.

Президенттин айтымында, бүгүн ал айыл-чарбасына байланыштуу жарлык чыгарган. Бул жарлыка ылайык дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулушат.

«2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турабыз. Мындан сырткары, келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6% менен насыяларды бере баштайбыз. Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда барыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз», – деди ал.

Жапаров негизги максат дыйкандарга шарт түзүп, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу экендигин белгилеген. Ал буга чейин жерлердин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келгендигин, мындан ары бир гектар сугат жер болсо да айдалбай калбаш керектигин айтат.

«Жергиликтүү бийликтегилер, айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү, бул маселеге керт башыңар менен жооп бересиздер. Ошондуктан азыртадан катуу көңүл буруңуздар. «Айыл банк» жана «РСК банк» менен тыгыз иштей баштаңыздар», – деди ал.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Курс жогорулап же төмөндөп турушу мүмкүн – Улуттук банк валюта рыногундагы абалга пикирин билдирди 27 мая 2022 г.    18:46
30-майдан 3-июнга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун айрым бөлүгү убактылуу жабылат 27 мая 2022 г.    18:27
Кыргызстан менен Казакстандын компаниялары 1.5 млн долларлык келишимдерге кол коюшту 27 мая 2022 г.    15:56
Кумтөр кенинин карьеринин кыймылга келген жерлерден кызматкерлер жана техникалар чыгарылды 27 мая 2022 г.    14:31
Кыргызстанда биринчи күн станциясы курулат – аны Евразия өнүктүрүү банкы 40 млн долларга каржылайт 27 мая 2022 г.    12:38
Германия кечкен КРнын 14.9 млн евро суммасындагы карызы МИКке KfW банкы аркылуу берилет 27 мая 2022 г.    11:46
ЕАӨБ айыл чарба тармагын колдоого Айыл Банк аркылуу 8 млн долларлык кредиттик линия ачат 27 мая 2022 г.    11:14
Доллардын курсу 84-85 сомго чейин көтөрүлдү 27 мая 2022 г.    9:59
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 80.77
EUR 86.67
RUB 1.26
Моссовет
USD 84.85
EUR 89.38
RUB 1.30

Конвертер валют