Айсулуу Мамашова: Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен элдин эмес, банктардын кызыкчылыгын коргоп жатат

Айсулуу Мамашова: Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен элдин эмес, банктардын кызыкчылыгын коргоп жатат

Кечээ, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Улуттук банктын эсептик ченин 8%га көтөргөнү карапайым калкка терс таасирин тийгизет деген пикирин айтты. Эскерте кетсек, Улуттук банк ушул жылдын 29-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 50 базистик пунктка 8%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алган болчу.

Айсулуу Мамашова Economist.kg басылмасына жогоруда айтылган терс таасирлери калкка кандай таасир этерин жана бул банктар үчүн кандай пайда алып келери тууралуу айтып берди. Анын билдиргенине ылайык, эсептик чен көтөрүлсө, кредиттердин пайызы да көтөрүлөт.

«Эгерде эсептик чен көтөрүлсө, анда аз пайыздар жоголот, тагыраак айтканда, бүгүнкү күндө 8%дан аз ставкалар бир да банкта болбойт. Бул банктар үчүн жыргал нерсе. Инфляция болгон сайын банктар ушундай жолдор менен өздөрүн коргошот, бирок жөнөкөй калк үчүн бул өтө туура эмес. Азыр кымбатчылык учурда экономикага стимул бергендин ордуна Улуттук банк эмнегедир банктардын кызыкчылыктарын коргоп, ушул эсептик ченди көтөрүп жатат. Бул элге эч кандай пайдасы жок, мунун пайдасын бир гана банктар көрөт.

Ошондуктан Улуттук банк элдин кызыкчылыгын эмес, банктардын кызыкчылыгын коргоп жатат. Бул экономиканын өсүшүнө өтө терс жактарын көрсөтүшү мүмкүн. Кредиттер мурда деле эл үчүн жеткиликтүү эмес эле, мындан кийин, тилекке каршы, мындан да жеткиликтүүлүгү азаят», – деди ал.

Мамашованын айтымында, акчанын кымбатташы экспортерлор үчүн да таасирин тийгизбей койбойт.

«Биздин өлкө импортко көз каранды болгондуктан, дүйнөдө баалар көтөрүлгөн сайын, бизде да көтөрүлүп жатат. Эсептик чендин көтөрүлүшүнүн биздин экспортерлорубуз үчүн да жаман жактары бар. Анткени акча кымбаттайт, жарандарыбыз кымбат кредиттерди алышат, ошондо элестетиңиз, мурда 6.5-7 болсо азыр 1.5%га көтөрүлсө, банктар да эсептик чен көтөрүлдү деген шылтоо менен пайыздарын көтөрүп коюшу мүмкүн», – деди Мамашова.  

Белгилей кетсек, Улуттук банк 2021-жылы 13 интервенция жасап, эл аралык резервден 561.7 млн доллар короткон. Мамашова бул көрүнүштү жаман көрсөткүч деп баалады.

«Мен билгенден акыркы жумада эле 100 млн доллар интервенцияга чыгарышты, бул өтө туура эмес, жаман көрсөткүч, анткени бул банктын резервинен кетип жаткандыктан, бул акчаны кайра ордуна коюш керек.

Бүгүнкү күндө бир жумада 100 млн доллар кетиргендик – экономикабыз иштебейт дегенди билдирет. Ким бул акчаны алып жатат, кимге мынча доллар керек экен деген сыяктуу менде аябай чоң суроо жаралып жатат. Анткени экономикабыз анча чоң сумманы дароо керектебейт. Ушул мага белгисиз болуп жатат», – деди ал.

Белгилей кетсек, Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен сомдун наркын көтөрөт, жыйынтыгында, коммерциялык банктар да пайыздарын көтөрүүгө аргасыз болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, сомдун баркы көтөрүлүп, элдерге акча кымбаттайт. Кошумча, бериле турган кредиттерге кошумча пайыздар кошулат.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.79
EUR 95.72
RUB 1.07
Моссовет
USD 84.90
EUR 96.08
RUB 1.09

Конвертер валют