«Оптима Банк» ААКсы өз жарнамасында КРнын бурмаланган картасын колдонгон. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.
Берилген маалыматка караганда, «kg» зонасында интернетте таралган жарнактарга мониторинг жүргүзүү учурунда «Оптима Банк» ААКынын расмий сайтында (https://www.optimabank.kg /ru/about-rus.html шилтемеси боюнча), КРнын бурмаланган картасын чагылдырган жарнамалар таратылган факты аныкталган. Тактап айтканда, картага Баткен облусунун Ак-Сай айылы КРнын аймагы катары кирбей калган.
Жогорудагылардын негизинде, Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан «Оптима Банк» ААКсына карата КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 277-беренесинин талаптарын бузуу фактысы боюнча протокол түзүлгөн.