Кыргызстанда бизнести башкаруу боюнча насаатчылык программасы старт алууда

Кыргызстанда бизнести башкаруу боюнча насаатчылык программасы старт алууда

Кыргызстанда «Бизнестеги айымдар» программасына насаатчыларды жана шакирттерди (менти) кабыл алуу мөөнөтү аяктап жатат. Долбоорду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы «Курак» аялдар форуму менен биргеликте ишке ашырууда.

Программага катышуу үчүн насаатчылык ролго бизнесте кесиптик тажрыйбасы мол айымдар жана эркектер чакырылат, алар өздөрү билген билимдерин ишкер айымдарга өткөрүп берип, баалуу кеңештери менен бөлүшүүсү шартталат.

Ошол эле учурда бизнести эффективдүү башкарууну үйрөтүү үчүн шакирттерди кабыл алуу жүргүзүлөт. Тажрыйбалуу насаатчылар менен кызматташуу аркылуу бизнес ээлери орто жана узак мөөнөттүү келечекте өз бизнесин өнүктүрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат.

Тандоо жыйынтыгы боюнча ийгиликтүү жана тажрыйбалуу 20-35 бизнестин кесипкөйлөрү 35 шакиртке насаатчы болуп калышат. Алар чогулуп каржылык сабаттуулук, бизнести пландаштыруу, жаңы товар же кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу, маркетинг, сатууну пландаштыруу жана өндүрүштү өркүндөтүү сыяктуу маселелерди чечмелеп чыгышат.

Насаатчылык программасынын мурдагы этаптарын ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча, алынган тажрыйба жана билимдер шакирттерге Кыргызстанда кошумча жумуш орундарын түзүүгө, бизнесте инновацияларды киргизүүгө, продукциянын жаңы рынокторун ачууга, сатуу көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө жана жалпысынан бизнесинин рентабелдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү 8-декабрь. Жыйынтыгы 15-декабрда жарыяланат. Анкетаны шилтеме аркылуу толтурсаңыз болот: https://msto.me/card1636697185/.


ЕРӨБдүн «Бизнестеги айымдар» программасы, бул – Кыргызстандагы бизнестеги лидер аялдар үчүн комплекстүү каржылык жана техникалык колдоо пакети болуп саналат. Долбоор каржыга жетүүнү жеңилдетүү жана бизнес тармагындагы аялдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Программа кредиттик линияны, коммерциялык банктарды кредиттөөнүн жакшы шарттарын сунуштоого шыктандыруучу тобокелдикти бөлүштүрүүнүн механизмин, ошондой эле бизнесин өнүктүрүүнү каалаган аялдар жетектеген чакан жана орто бизнес үчүн кеңеш берүүнү жана насаатчылыкты сунуштайт.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

«РСК Банк» ААК акцияларын кошумча чыгаруу аркылуу уставдык капиталын 6 млрд сомго көтөрөт 20 мая 2022 г.    18:01
Айыл чарба министрлиги сүттүн баасын төмөндөтүүнү карап жатканын билдирди 20 мая 2022 г.    17:20
Январь-апрель айларында өндүрүштө мунай азыктарынын жана жыгач буюмдарынын өсүшү байкалды 20 мая 2022 г.    16:09
Кыргызстандык Codify Lab компаниясы 5 млн долларга бааланды 20 мая 2022 г.    15:02
Түштүк Корея кыргызстандыктарды ишке орноштурууга 5 миң квота бөлдү 20 мая 2022 г.    14:34
Кыргызстандын бардык туристтик маршруттарында эс алуу бекеттери пайда болот — Телефонду кубаттап, душка түшүп, кофе ичсе болот 20 мая 2022 г.    13:10
БУУнун адам укуктары боюнча эксперти жакырчылыктын деңгээлин баалоо үчүн Кыргызстанга келет 20 мая 2022 г.    12:50
МСК: Жеткирүүчүлөрдөн электрондук эсеп-фактураны колдонууну талап кылуу – мыйзамдуу 20 мая 2022 г.    11:54
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 79.87
EUR 84.48
RUB 1.30
Моссовет
USD 80.50
EUR 85.00
RUB 1.35

Конвертер валют