«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. Бүгүн партиялаштары анын келгенин кабарлашты.
Алардын айтымында, партиянын лидери тоого чыгып кетип, машинасы бузулуп, телефону да өчүп калган. Ошентип ал бүгүн гана байланышка чыккан.
Эскерте кетсек, Мияров шайлоо күнү түштө № 44 мектепке добуш берүүгө кеткен боюнча келбей, дайынсыз болуп жаткан.