Орусиянын Владивосток аймагында добуш берүү аяктады. Бул тууралуу «Марал радиосуна» жеринен мигранттар билдиришкен.
Маалыматка ылайык, добуш берүүгө 134 адам катышкан. Анын ичинен эң көп 54 добуш «Бүтүн Кыргызстан» партиясына берилген. Тизменин уландысында «Ынтымак» партиясы -16, «Ишеним» – 11 , «Ыйман-Нуру» – 8, «Эл үмүтү» – 5, «Ата-Мекен» – 5, «Азаттык» – 5, «Альянс» – 4, «Социал-демократтар» – 4, «Мекенчил Эл» – 4, «Ата-Журт Кыргызстан» – 4, «Улуттар Биримдиги» – 2, «Багыт» – 2, «Күчтүү регион» – 1, «Ордо» – 1, Баарына каршы – 2 добуш берилген.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусия аймагында ачылган шайлоо тилкелеринен Түштүк-Сахалинде добуш берүү аяктап, алгачкы жыйынтыктар белгилүү болгон.
Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.
Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.