Бишкектин бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо алдын ала эки гана талапкер – Октябрь районунан Дастан Бекешев менен Ленин районунан Жаныбек Абиров жеңишке жетишкен. Калган эки райондо (Биринчи Май жана Свердлов) шайлоочулар баарына каршы добуш беришкен, эми ал жерде кайра шайлоо өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, бул автоматтык түрдө окулган урналардан (АКС) алынган алдын ала маалымат десек болот.
Октябрь районунда бул округда орнотулган 57 автоматтык түрдө добуш берүүчү урналардын бардыгынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы чыкты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бул жерде Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Дастан Бекешев 47.59% добуш менен жеңишке жетти. Экинчи орунда 19.06% добуш менен мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев турат.
Ленин районунда бул округда орнотулган 51 урнадан (98.04%) автоматтык түрдө 50 урнадан добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Азырынча, алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров 30.59% добуш менен жеңишке жетишүүдө. Экинчи орунда «бардыгына каршы» пункту турат.