«Кумтөр» 100% мамлекетке өттү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров aryba.kg маалымат порталына берген маегинде билдирди.
Президенттин айтымында, «Кумтөр» талаш жок 100% мамлекетке өткөн.
«Чекит коюлду. «Кумтөр» талаш жок 100% мамлекетке өттү. Муну тигилер (канадалыктар) өздөрү да моюндады. Азыр кылмыш иштери жүрүп жатат. Бир топ атка минерлер камалышты. Тигилер тараптан дагы жоопко тартылчулар бар. Бираз убакыт керек. Бүтөөрү менен жыйынтык чыгарабыз. Сабыр этип тургула», – деди ал.
Мындан тышкары Садыр Жапаров 2012-жылы «Кумтөр мамлекетке өтсүн» деген демилгени көтөргөнүн, ошондо депутаттар колдогондо 8 млрд доллар тышка чыкпай мамлекетке калмак деген пикирин билдирди.