УКМК: «Эйр Кыргызстан» ААК менен Эсептөө палатасы жең ичинен сүйлөшүп, мамлекетке 3 млн доллар зыян келтиришкен

УКМК: «Эйр Кыргызстан» ААК менен Эсептөө палатасы жең ичинен сүйлөшүп, мамлекетке 3 млн доллар зыян келтиришкен

«Эйр Кыргызстан» ААК менен Эсептөө палатасы жең ичинен сүйлөшүп, мамлекетке 3 млн доллар зыян келтиришкен. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМК тарабынан «Эйр Кыргызстан» ААКнын жетекчилиги (мамлекеттик үлүшү 100%) менен Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары жең ичинен сүйлөшүп алышып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 160 903 доллар өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайылап жашырышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган күнөөнүн далилдерин эске алып, Эсептөө палатасынын аудитору С.З. жана инспектору О.Ж. КРнын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды.

Поделиться в соцсетях:

Акыркы жаңылыктар

Президенттин Иш башкармасы менен Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы бирикти 2 декабря 2021 г.    16:57
Юрист: Укукту жана мыйзамдуулукту тебелеген бийлик эч качан мамлекетти өнүгүүгө алып келбейт 2 декабря 2021 г.    16:48
Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Токмоктун мэри Урмат Самаев менен байланышы бар экени чындык – иликтөө 2 декабря 2021 г.    16:26
Машинаны мас абалында айдагандарга эми 17 500 сом айып салынат 2 декабря 2021 г.    15:32
ЖКнын депутаттарынын кызматтык унаалары алынып, маяналары төмөндөтүлөт – президент жарлыкка кол койду 2 декабря 2021 г.    14:08
«Кут Строй» курулуш компаниясы санитардык аймакта мыйзамсыз үй курууда – ал жерде пластик, машина майлары иштетилет 2 декабря 2021 г.    13:56
Бийлик өсүмдүк майы менен кумшекердин баасына мамлекеттик жөнгө салууну кайра киргизүүнү көздөөдө 2 декабря 2021 г.    11:52
ЖЭБ-2 аймагындагы 47.7 га жер мыйзамдаштырылды 2 декабря 2021 г.    11:28
Бардык жаңылыктар
НБ КР
USD 84.61
EUR 102.12
RUB 1.14
KZT 0.201
Моссовет
USD 84.90
EUR 96.90
RUB 1.16
KZT 0.200

Конвертер валют