Жогорку соттун төрагасы Соттор кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынын макулдугу менен ЖКнын судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө президент тарабынан дайындалат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамына кол койду. Мыйзам ЖК тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамда, Жогорку соттун судьялары Соттор кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынын макулдугу менен 5 жылдык мөөнөткө президент тарабынан дайындалат. Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары да Жогорку соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.
Ошондой эле, кабыл алынган мыйзамга ылайык, жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө, андан кийинкисинде курагынын чегине жеткенге чейин дайындалат.
Эскерте кетсек, мэр жана акимдерди да президент дайындайт. Анткени президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койгон.