Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин III кварталдагы кирешеси 2020-жылдын ушул кварталына (293 млн сом) салыштырмалуу 87%га өсүп, 549 млн сомду түздү. Бул тууралуу ЖТП билдирди.
ЖТПнын резидент-компанияларынын кызматкерлеринин саны 1176 адамга, эмгек акы фондусу 199 млн сомго, патент ээлерине төлөмдөр 63 млн сомго чейин өстү.
Мамлекеттик бюджетке жана Социалдык фондго төлөмдөр да көбөйдү. IT-компаниялар киреше салыгы боюнча 9 млн сом (2020-жылдын үчүнчү кварталына салыштырмалуу + 83%) жана социалдык чегерүү түрүндө 6 млн сом (+ 52%) которду.
Ишканалардын негизги киреше булагы мурдагыдай эле экспорт, иштин негизги түрү катары программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана сатуу болуп саналат. Алсак, ЖТПнын резиденттеринин кызматтары АКШ (169 млн сомго), Россия (72 млн сом), Казакстан (69 млн сом), ошондой эле Кипр (64 млн сомго) сыяктуу өлкөлөргө экспорттолгон.