Кыргызстанда дизель майынын орточо баасы (53.6 сом) ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн бойдон калууда. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Ошол эле учурда Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы (58.1 сом) Орусиядагыдан (56.2 сом) дээрлик 2 сомго кымбат.
4-ноябрга карата ЕАЭБ жана коңшу мамлекеттерде күйүүчү-майлоочу майлардын орточо баасы
Кыргызстан | Казакстан | Россия | Белоруссия | Армения | Тажикистан | Узбекистан | |
Аи-92 | 58.1 | 36.9 | 56.2 | 69.4 | 88.7 | 84.5 | 72.8 |
Аи-95 | 60.9 | 42.9 | 61.8 | 72.9 | 92.3 | 86.8 | 76.8 |
Дт | 53.6 | 56.5 | 61.7 | 72.9 | 87 | 86.8 | 76 |
Россия Федерациясы күйүүчү май рыногун жөнгө салууга жардам берүү үчүн демпфинг механизмин колдонот. Эгерде бензиндин жана дизелдик отундун экспорттук баасы шарттуу ички баалардан жогору болсо, анда мамлекет бул айырмачылыктын бир бөлүгүн өндүрүүчүлөргө компенсация төлөп берет. Болбосо, мунайзат компаниялары айырманы бюджетке которушат. Бул ички базардагы баалардын өсүшүн ооздуктоого жардам берет деп белгилешет адистер.
Казакстан Республикасында мунай өндүрүлүп, кайра иштетилет, бул өлкөнүн бензинге болгон муктаждыгын жабууга мүмкүндүк берет. Ал эми дизелдик отунга болгон талаптын бир бөлүгү (болжол менен 30%) өлкө тарабынан, негизинен Россиядан келген импорт аркылуу жабылат. Казакстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго мунай жеткирүү базар баасында эмес, наркы боюнча жүргүзүлөт.
Беларусияда мамлекеттик үлүшү бар 2 ири мунайды кайра иштетүүчү завод бар: Мозыр мунайды кайра иштетүүчү заводу жана «Нафтан» ААК. Бул нефтини кайра иштетүүчү заводдордун өндүрүштүк кубаттуулугу республиканын мунай заттарына болгон муктаждыгын жабат. Мындан тышкары, республика мунай заттарын экспорттойт. 2020-жылы экспорттун көлөмү 8.49 млн тоннаны түзгөн.
Армения Кыргызстан сыяктуу импортко көз каранды өлкө. 2020-жылы Арменияда импорттун көлөмү 20.5% га көбөйгөн. Армениянын негизги импортерлору – Россия (69%), жана Иран (23.3%) болуп саналат.