Кымбатчылык, жумушсуздук, коррупция – Кыргызстандын эң чоң көйгөйлөрүнүн рейтинги түзүлдү

Кымбатчылык, жумушсуздук, коррупция – Кыргызстандын эң чоң көйгөйлөрүнүн рейтинги түзүлдү

Кыргызстандыктардын версиясы боюнча өлкөнүн эң орчундуу көйгөйлөрүнүн рейтинги түзүлдү. Алсак, респонденттердин басымдуу бөлүгү эң чоң көйгөй катары кымбатчылыкты (65%), жумушсуздукту (57%) жана коррупцияны (53%) аташкан. Мындай маалыматтар Эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөсүндө келтирилген.

Респонденттердин олуттуу бөлүгү (49%) коронавирусту эң олуттуу көйгөйлөрдүн катарына кошкон. Андан кийин суу (27%), жакырчылык (24%), саламаттыкты сактоо (23%), миграция (20%) жана билим берүү (18%) көйгөйлөрү болду. Сурамжылоого катышкандардын 17%ы гана экономиканы айткан.

Ошол эле учурда респонденттердин 11%ы гана үй-бүлөсүнүн экономикалык абалын абдан жакшы деп мүнөздөшөт. Сурамжылоого катышкандардын 66%ы – кандайдыр бир деңгээлде жакшы, 20%ы – кандайдыр бир деңгээлде жаман деп эсептешет. 3%ы экономикалык абалына ачык эле нааразы.

Жалпысынан 18 жаштан 35 жашка чейинки аялдар эркектерге караганда экономикалык абалын жакшыраак баалайт.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 80.98
EUR 82.36
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.00
EUR 85.04
RUB 1.37

Конвертер валют