Бишкек ШИИББ «Империя пиццы» кафелериндеги уулануу фактысы боюнча «Санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачты. Бул тууралуу «Клоопко» борбор калаа милициясынан кабарлашкан.
Анда массалык уулануу фактысы боюнча бардык чогулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалганы айтылган. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Эскерте кетсек, «Империя пиццы» кафесинин ар башка филиалдарында массалык уулануу катталып, тамактан уулангандардын саны 118 кишиге жеткен. Мындан улам Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бүткүл республика боюнча жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө алаарын да билдирген болчу.