2022-жылдан баштап блогерлер менен интернет-дүкөндөр салык төлөп башташат. Эскерте кетсек, сунушталып жаткан Салык кодексинин жаңы редакциясы «Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салык» деген берене менен толукталды. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, ал Жаңы жылдан тартып күчүнө кирет.
Аталган мыйзам интернет аркылуу товар саткан жана кызмат көрсөткөн тармактарга салык салууну жол-жоболоштурат. Ошондой эле блогерлер да соцтармактан тапкан пайдасынан салык төлөөгө милдеттендирилет. Бул туурасында Электрондук формада кызмат көрсөтүү терминине түшүндүрмө берген 32-берененин 3-бөлүгүндө жазылган.
Адистердин билдирүүсү боюнча бул эки топко бөлүнөт. Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу компаниялар жарнама жана башка кызматтардан киреше таап жатканы үчүн кошумча нарк салыгын (КНС, 12%) төлөйт.
Ал эми Кыргызстанда катталган интернет-дүкөндөр үчүн атайын режим киргизилген, алар пайдасынын 2 пайызын салыкка чегерет. Аталган компаниялар Салык кызматына каттоого турууга милдеттүү болот. Ал эми блогер сыяктуу соцтармактан акча тапкан жарандар 10%дык ставка менен киреше салыгын төлөйт.