«Манас» аэропортунун акциялары дагы 40 сомго кымбаттады

«Манас» аэропортунун акциялары дагы 40 сомго кымбаттады

Кыргыз фондулук биржадагы (КФБ) акыркы жумадагы сооданын жыйынтыгы боюнча «Манас» аэропортунун акциялары дагы 40 сомго кымбаттап, 400 сомго жетти. Бул тууралуу КФБнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, КФБнын индекси өсүүнү улантууда. 25-октябрга карата ал 1043.18 баллды түздү.  

Белгилей кетсек, сентябрь айынын башынан бери «Манас» аэропортунун баалуу кагаздарынын наркынын өсүшү байкалган. Андан кийин бир акциясы 330 сомдон 350 сомго чейин көтөрүлгөн. КФБнын эксперттери бул көрүнүштү туристтик сезондун ийгиликтүү өткөнү, ошондой эле окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдырылышы менен байланыштырышууда.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 82.83
EUR 84.83
RUB 1.35
Моссовет
USD 83.82
EUR 86.14
RUB 1.39

Конвертер валют