Кыргызстанда жумушчулардын 70%дан ашыгы экономиканын көмүскө секторунда иштейт. Мындай маалыматты Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзу билдирди.
Профсоюз мындай кызматкерлердин эмгек мамилелери документалдык каттоодон өтпөгөндүктөн, алардын укуктары корголбой турганын, алар күтүлбөгөн учурда жумушсуз калышы мүмкүн экенин жана жоготкон жумуш орду үчүн компенсация ала албай тургандыгын белгиледи.
Профсоюз ошондой эле эң кеңири таралган эмгек мыйзамдарынын бузулуу учурларын санап берди:
- Эмгек келишими түзүлбөйт. Уюмдун менчигинин түрүнө карабастан, ар бир кызматкер менен жазуу жүзүндө эмгек келишими түзүлүп, бир нускасы кызматкерге берилүүгө тийиш
- Иши туруктуу мүнөзгө ээ болгон адамдар менен мөөнөттүү келишимдерди түзүү. Мында эмгек келишимдери белгисиз мөөнөткө түзүлүүгө тийиш
- Эмгек акыны төлөбөй коюу же өз убагында төлөө. Эмгек акы айына бир жолудан кем эмес жана толук төлөнүшү керек, ар бир кечиктирилген күн үчүн иш берүүчү карыздын суммасынан 0.15% өлчөмүндө айып төлөйт
- Кош бухгалтерия жүргүзүү. Көбүнчө кызматкерлерге расмий түрдө минималдуу эмгек акы төлөнөт, мисалы, 5 миң сом маяна деп расмий айтылып, ал эми негизги сумма – 20 миң сом – конвертте берилет. Бул эң одоно мыйзам бузуу болуп эсептелет
- Жеке коргонуу шаймандарын, формаларды, бут кийимдерди менен жумушчуну камсыздоо иш берүүчүнүн түздөн-түз милдети болуп саналат
- Кызматкердин макулдугусуз жана кошумча акы төлөбөстөн ашыкча жумушка тартуу, убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулдарды (оорулуу өргүүдө) төлөбөй коюу, өргүүлөрүн бербөө, эмгек келишиминде каралбаган кошумча жумуштарга тартуу болсо, бул иш берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн дискриминация болуп саналат.